【實用教育app】Бактылуулуктун формуласы КИТЕП|最夯免費app

【實用教育app】Бактылуулуктун формуласы КИТЕП|最夯免費app

分享好友

【免費教育App】Бактылуулуктун формуласы КИТЕП-APP點子

Адамдын жан дүйнөсү ыйман-ишеним, адеп-ахлак жана илим-билим сыяктуу асыл баалулуктарга муктаж эмеспи. Кызыгы ошол асыл баалулуктарды адамдарга адамдын өздөрүнөн чыккан чыгаандары өрнөк болуп үйрөтүп, кемтиктерди толуктап турат экен. Алла Тааланын элчиси:“ аалымдар – пайгамбарлардын мурасчылары” -, деп даана белгилеп айтып, бизге ыйык мурас сөз калтырбады беле. Убагында борбордук азиялык мусулмандарга кыргызстандык аалым уламалар да орошон кызмат кылып динди үйрөтүп кетишкен болсо, эми ушул жаңы таңда да элибиздин уучу куру болбой татыктуу жаш муун аалымдарыбыздын чыгып жатканы өтө кубандырат. Чубак Ажы Жалилов устазыбыз менен жаштайыбыздан дин илиминин кенин бирге казып, дин үчүн, эл үчүн даңгыр жолго бирге чыктык эле. Чубак ажы студент кезинде эле китепти колунан түшүрбөй илим-билимге ынтызарлыгы башкалардан өзгөчөлөнүп турган, талбай көп окугандыгы менен таанылган эле. Ажыкем пайгамбарыбыздан мурас калган дин илимин Меккеден да ийгиликтүү окуп бүтүрүп келип азыр Ала-Тоо элине мүрөк суусундай кылып сунууда. Улуу устаздарыбыздан илим алып баштаган Чубак ажыкем Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи болуп турган учурларында да алгылыктуу иш алып барганына бардыгыбыз күбөбүз. Учурда бир топ шакирттерди тарбиялап өстүрүп, Алла Тааланын жолунда жалпы элге кызмат кылып жатат.

Сыналгыдан, гезит бетинен түшпөй маанилүү маселелерди кулака жагымдуу жорго тил менен кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары менен куюлуштура түшүндүрүшү анын башкалардан өзгөчөлөнтүп турат. Сөз келген жерде Манас дастанынан жана бай элдик мурастардан мисал келтирип тим болбостон чыгыш-батыштын илимий теорияларын жаңгактай чагып чындык жана бактылуулуктун динден гана табылаарын таасын көрсөтүп элдин дин илимине болгон моокумун кандырып келет. Манас дастанында дагы Акбалта Чубакты 12 жашында молдого кармап берип окутуп анан Меккеге окууга жөнөтүп беш жыл ал жакта билим алдырганы бяндалган болсо, эми бул азыркы Чубак ажыкемдин атына дагы куп келип, атына заты жарашып дегендей төп чыгып тургандыгы баарыбызды курсант кылат.

【免費教育App】Бактылуулуктун формуласы КИТЕП-APP點子

Колуңуздагы китеп ажыкемдин алгачкы жазган макалаларынан топтолуп, эл кызыктырган түмөн-түрдүү суроолорго жооптору менен бириктирилип басылып отурат. Мунусун Кудай Таала куп кылып мусулмандарга жакшы маанай тартуулай берсин демекчибиз. Акыретке чейин достугубузду бекемдеп, элибизге бирге кызмат кылуубузду насип этип, чыныгы дүйнөдө Хабиби Мустафа Расулуллах менен чогуу коңшу болушубузду буйруса экен деген жакшы санаа дуба-тилектерим менен...

Кыргызстан Мусулмандарынын

【免費教育App】Бактылуулуктун формуласы КИТЕП-APP點子

азирети муфтийинин орун басары

Замир Ракиев.

免費玩Бактылуулуктун формуласы КИТЕП APP玩免費

免費玩Бактылуулуктун формуласы КИТЕП App

Бактылуулуктун формуласы КИТЕП APP LOGO

Бактылуулуктун формуласы КИТЕП LOGO-APP點子

Бактылуулуктун формуласы КИТЕП APP QRCode

Бактылуулуктун формуласы КИТЕП QRCode-APP點子
熱門國家系統支援版本費用APP評分上架日期更新日期
未知Android
Google Play
1.5
App下載
免費
1970-01-012015-04-20
分享app
上一個APP
下一個APP

高評價教育App推薦